Шашылыш билдирүү: Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында үшүк жүрүшү күтүлөт
- 1 год мурун
20-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2°ка чейин, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) шашылыш кабар таратты.
ӨКМ мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге коркунуч жаратарын эскертет.
Илюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




