Шашылыш билдирүү: Ашууларда кар көчкү түшүүсү мүмкүн
- 3 недели мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 19-январдан 21-январга чейин жаап өткөн жана күтүлөгн жаан-чачынга жана шамалга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт:
— Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдары, Төө-Ашуу ашуу, 198-255-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу,
— Чычкан капчыгайы, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 86-101-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусу;
— Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 65-110-чакырымдарында;
— Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашууда;
— Балыкчы – Казарман –Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарындагы Көк-Арт ашуусунда кар көчкү жана кар күрткүсү болушу ыктымал.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
ӨКМ унаа жолдор тайгак, унаалардын ортосундагы аралык 500 метр болушун эскертет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




