Шашылыш билдирүү: аба-ырайы кескин өзгөрөт

  • 2 года мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 4-5-ноябрь күндөрү түнкүсүн аба-ырайы кескин өзгөрүлүшү мүмкүн.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаап, өрөөндөрдө жаан карга айланат. Ал эми тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлүүдө. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты