Шаршенбек Абдыкеримов Күрөш федерациясынын президенти кызматынан кетти

  • 3 года мурун

Шаршенбек Абдыкеримов Кыргызстандын Күрөш федерациясынын президенти кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды.

Бул тууралуу аталган федерациянын Instagram баракчасында айтылат.

Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова аталган посттун алдында «Шаршенбек Шайлообековичке Кыргызстанда күрөштүн өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы үчүн чексиз ыраазычылык» деген билдирүү калтырган.

Расмий маалыматтарга ылайык, Абдыкеримов Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчиси кызматынан кетүү тууралуу дагы арыз жазган.

Шаршенбек Абдыкеримов №33 Нарын шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Бирок 19-ноябрда үгүт-чарасында шайлоого катышуудан баш тартканын жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты