Шаршенбек Абдыкеримовго таандык ири соода, оюн-зоок борборлору, объектилер мамлекетке өткөрүлдү
- 10 месяцев мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) «Аю» көп профилдүү холдингинин ээси А.Ш.Ш. тарабынан мамлекеттик органдарга берилген жасалма каржылык документтерди пайдалануу аркылуу кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз борбору билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, «Аю» холдингинин ишмердүүлүгүндө узак убакыт бою милдеттүү салыктарды, социалдык жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качуу боюнча, ошондой эле компаниянын экономикалык ишине мыйзамдуулуктун көрүнүшүн берүү максатында мүлктүн бир бөлүгүн аффилирленген жактарга каттатып, мыйзамсыз кирешелерди адалдоо үчүн мамлекеттик органдарга жасалма финансылык отчетторду тапшыруу схемасы иштеп келгени аныкталган.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында А.Ш.Ш. тарабынан мамлекеттин балансына жалпы наркы 10 млрд сомдон ашкан ири соода-оюн-зоок борборлору, өнөр жай базалары жана коммерциялык жайлар өткөрүлүп берилди.
Маалыматта айтылган А.Ш.Ш. -Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович, “Аю» холдингинин ээси (-ред.)
2023-жылы «Аю» холдингдин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов сыртынан камакка алынган.
Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде «Аю» компаниясынын спирт заводу менен арак заводу конфискацияланып, мамлекетке өтүп жатканын билдирди.
Жапаров «Аю» компаниясы «миллиондогон салыктарды төкпөй, 12 миң даана жасалма акциз жана мыйзамсыз чыгарылган 275 тонна спирт менен кармалганын» маалымдаган.
Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы




