Бир мандаттуу округдан дагы үч талапкер шайлоого катышуудан баш тартты

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бир мандаттуу округ боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу дагы үч арыз түштү. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Боршайком 24-ноябрдагы жыйынында талаперлер Талантбек Борочоров (№33 Нарын шайлоо округу), Шаршенбек Абдыкеримов (№33 Нарын шайлоо округу) жана Атыркүл Ибраимованын (№23 Москва шайлоо округу) арызын карап, алардын өтүнүчүн канааттандырды.

Шайлоо өнөктүгү башталган 29-октябрдан бери 36 бир мандаттуу шайлоо округдарынан 30дан ашуун талапкер шайлоого катышуудан баш тартты. БШК бюллетень басылып чыгарылганга чейин шайлоодон четтеген 15 талапкердин күрөөгө койгон 100 миң сомун кайтарып берет.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Бир мандаттуу округдан катталган 321 талапкерден учурда 290дойу калды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты