Шарджа — Ош — Шарджа багыты боюнча жаңы аба каттамы ачылат

  • 2 года мурун

«Ош» эл аралык аэропортунда «Шарджа — Ош — Шарджа» багыты боюнча жаңы аба каттамын ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту» ААКынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган каттам Бириккен Араб Эмираттарынын Air Arabia авиакомпаниясы тарабынан аткарылмакчы.

“Жаңы каттам 2022-жылдын 21-февралынан 3-мартына чейин жумасына 2 жолу — дүйшөмбү жана ишемби күндөрү аткарылат. 3-марттан баштап каттамдар жумасына 3 жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү учат. Учуу узактыгы 3,5 сааттан 4 саатка чейин созулат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы тапта Air Arabia авиакомпаниясы «Манас» эл аралык аэропортунан «Шарджа-Бишкек-Шарджа» багыты боюнча жумасына 6 жолу каттам аткарууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты