Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарына барат

  • 4 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бүткүл дүйнөлүк өкмөттүк саммитке (World Governments Summit) катышуу үчүн БАЭге жумушчу сапары менен барат.

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.

Сапар Бириккен Араб Эмираттарынын  ((БАЭ)  вице-президенти, премьер-министри, Дубай эмиратынын башкаруучусу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумдун чакыруусу боюнча уюштурулууда.

Маалыматта айтылгандай, Министрлер кабинетинин башчысы саммиттин ишине катышат, БАЭнин жогорку жетекчилиги жана бир катар министрликтердин жана суверендүү фонддордун жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. 

Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө эмират тарап менен эки тараптуу документтерге кол коюу жана саммиттин алкагында БАЭнин жогорку кызмат адамдарынын катышуусунда «Кыргызстандын экономикалык өсүү модели «Ак илбирс»: Өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар» аттуу сайд-ивент өткөрүү пландаштырылууда.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты