Шакиев гимн келерки жылдын жылдын апрелине чейин кабыл алынышы керектигин айтты
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 3-декабрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик гимнди өзгөртүү маселесине байланышкан кеңешме өткөрдү.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев катышты.
Төрага Нурланбек Шакиев мамлекеттик гимнди өзгөртүү маселеси кеңири коомчулуктун катышуусунда өтүшү керектигин белгиледи:
“Кыргызда “Кеңешип кескен бармак оорубайт” – деген жакшы кеп бар. Анын сыңарындай, аталган маселеге бардык жарандар катышып, текстин жана обонун сунуштоого эч кимге чектөө коюлбашы керек. Эл акыны же тажрыйбалуу композиторлор эле эмес, бардык чыгармачылыкка кызыккан жарандар өз вариантын сунуштай алгыдай мүмкүнчүлүк түзүлүшү зарыл. Алардын ичинен өлкөбүздү даңазалап, элибизди алдыга сүрөп, демине дем кошо турган мыкты гимнди атайын комиссия тандап, Жогорку Кеңешке киргизиши шарт” деди төрага.
Муну менен катар ал кийинки жумада тиешелүү комиссия түзүлүп, эң кеч дегенде келе жаткан жылдын апрель айына чейин жаңы гимн кабыл алынышы керектигин белгиледи. Тагыраагы, аталган убакытка чейин кеңири талкуулар уюштурулуп, сынактар өткөрүлүп бүтүшү зарыл деген оюн айтты.
Нурланбек Шакиев мамлекеттик гимнди өзгөртөбүз деп ишенимдүү билдиргени жамы журтка белгилүү болду.
“Мен бир жөнөкөй эле мисалды айтайын. Бир учурда биздин президентибиз бир өлкөгө барды дейт, биздин гимнди ырдаганда, “таан-тата-таан” дегенде куштар биз тараптан учуп кете тургандай. Ал эми тосуп жаткан өлкөнүн гимнин ырдаганда сонун, куштар кайра келип конуп калды» дейт. Биз ошондой, 5 жаштан 90 жашка чейинкилер ырдай ала турган жөнөкөй, татыктуу, жакшынакай гимнди жазышыбыз керек” деди Шакиев 25-октябрда Соода-өнөр жай палатасынын 65 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада, ошондой эле парламентте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун биринчи жетекчиси Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган жыйынында да айткан.
Президент Жапаров “Кабар” агенттигине Кыргыз Республикасынын гимнин өзгөртүү боюнча” парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевдин пикирин колдоду.
“Өзгөртүп койсок жакшы эле болот. Жаңылап койсок анын эмнеси жаман? Азыркы гимнибиз 33 жыл мурда азаттыкка чыгып, эгемендүүлүк алган жылдарда жазылган. Мына биз азат болдук, мына биз эгемен өлкө болдук, кыргыз эли өз тагдырың колуңда, алгалай бер деп ошол мезгилде гимн жазгандар кубаныч менен толкундануу менен жазышкан. Андан бери 33 жыл өттү. Биз мамлекет катары толук калыптандык. Дүйнө жүзүнө таанылдык. Эми жүз жыл өтсө да азаттыкка чыктык, эгемен өлкө болдук деп ырдап жүрө беребизби?” деди президент Садыр Жапаров.
Гимнди өзгөртүү сунушу коомчулукта кызуу талкууга алынып, каршы пикирлерге кабылды. Сурамжылоодо да борбор шаардыктар ой-пикирин билдирди.
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров мамлекеттик символдорду өзгөртүү демилгеси тууралуу «Азаттык» үналгысына өз оюн айтып, эмне үчүн өзгөртүү керек деген жүйөсү белгисиз экенин айткан.
«Гимнди өзгөртүү бул ырымчылдык, экинчиден, элдин көңүлүн башка жакка буруу» деди Адахан Мадумаров.
Сүрөт: kenesh.kg