Шайлоого катышуучу саясий партиялар меморандумга кол койду

  • 2 года мурун

Бүгүн – 5-ноябрда, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партиялардын ортосундагы меморандумга кол коюлду.
Кол коюуга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н. Шайлдабекова, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын төрагасы, Коопсуздук кеңешинин катчысы М. Иманкулов, талапкерлеринин тизмелери БШК тарабынан катталган 21 саясий партиянын лидерлери/ѳкүлдѳрү, эл аралык жана коомдук байкоочулар, ѳкмѳттүк эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Меморандум – бул катышуучулары мыйзам алкагында гана аракеттенүүгө,  Конституциянын талаптарын кыйшаюусуз аткарууга, шайлоо мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын ченемдерин сактоого милдеттенүүчү келишим.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты