«Шайлоодон жеңип чыккан талапкер Шарапат Мажитованын уулу эки жашар наристенин өлүмүнө себепкер болгон”. Текшеребиз

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын алгачкы сессиясы ушул жуманын ичинде өтөрү күтүлүүдө. «Шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, жаңы чакырылыштагы депутаттардын биринчи жыйынын чакырылыштын жашы боюнча эң улуу депутаты ачат жана ал жаңы спикер шайланганга чейин төраганын милдетин аткарат. Ал эми VII чакырылыштын биринчи жыйынын “Ынтымак” партиясынан талапкер Шарапат Мажитова ачары айтылууда.

Буга улай эле, 21-декабрда “Фейсбук” социалдык тармагындагы «БеспределKG» баракчасында Шарапат Мажитованын уулу 2 жашар наристенин өлүмүнө себепкер болгону тууралуу маалымат тарады. Бул социалдык тармактын колдонуучулары арасында кайчы пикирлерди жаратты. 

“ПолитКлиника” медиасы жогорудагы маалыматты текшерип көрдү. 

Ош шаардык милициясынын маалыматына ылайык, 2015-жылдын 17-апрелинде таңга маал “Тойота Хайлюкс” үлгүсүндөгү унаа Ош шаарынын Ленин көчөсү менен кетип бара жатып, “Бэби Лайф” бала бакчасынын жанында токтоп турган “Дэу Матиз” жана “Хонда Фит” унааларын сүзүп алган. Кырсыктын натыйжасында “Хонда Фит” унаасынын айдоочусу — кош бойлуу келин жана анын 2 жаштагы уулу эки унаанын ортосуна кыпчылып калган. 2 жашар Одилхан окуя болгон жерде каза тапкан. Апасы оор абалда шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кийин ал боюнан козголуп, ооруканада көз жарган. 

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 281-беренесинин («Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу») негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары Ош шаарынын 1979-жылы туулган тургуну кармалган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө айдоочунун кырсык болгон учурда мас абалында болгону жана жабыркагандарга жардам көрсөтпөй окуя болгон жерден качып кеткени аныкталган. 19-апрелде шаардык соттун чечими менен шектүү эки айга камакка алынган. 

Андан көп өтпөй эле эне-баланы сүздүрүп кеткен айдоочу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шарапат Мажитованын уулу экени аныкталган. Бул маалыматты Мажитова өзү «Азаттык” радиосуна тастыктаган. 

"Шайлоодон жеңип чыккан талапкер Шарапат Мажитованын уулу эки жашар наристенин өлүмүнө себепкер болгон”. Текшеребиз

Ал жабыркаган тараптын кырсыктын себепкери экс-депутаттын баласы болгондуктан жазаланбай калат деген шектенүүлөрү негизгиз экенин айтып, уулунун камалышына тоскоолдук кылбаганын билдирген:

«Ата-энесинин астына ыйлап бардым. Кечирим сурадым. Балама колуң менен кылганды мойнуң менен тартасың дедим. Аны каматпай койгонго аракет кылган жокмун. Менин да неберем бар. Менин да жүрөгүм ооруп жатат».

Анткен менен ошол эле жылдын 7-июлунда шектүүнүн үй камагына чыкканы белгилүү болгон. Буга каза болгон баланын атасынын тосмо арыз жазып бергени негиз болгону айтылган. 

"Шайлоодон жеңип чыккан талапкер Шарапат Мажитованын уулу эки жашар наристенин өлүмүнө себепкер болгон”. Текшеребиз

Белгилей кетсек, Шарапат Мажитова 2010-жылы өткөн парламенттик шайлоодо “Ата-Журт” партиясынан депутат болуп шайланган. Бирок көп өтпөй, 2011-жылдын 11-мартында депутаттык мандатынан баш тарткан.

Жыйынтык: Шайлоодон жеңип чыккан талапкер Шарапат Мажитованын уулу 2 жашар наристени өлтүрө сүзүп кеткени тууралуу маалымат чын.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты