Шайлоо мыйзамдарын бузууга байланыштуу БШКга 29, ИИМге 32 кайрылуу түштү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 28-ноябрь шайлоо күнүндө БШКнын Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 29 кайрылуу түштү. Бул тууралуу аталган топтун жетекчиси Тынчтыкбек Шайназаров маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кайрылуулардын ичинен экөө добуш сатып алуу, жетөө үгүт иштериндеги эреже бузуу, бирөө шайлоочуларды ташуу, бирөө шайлоо эрежелерин бузуу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө карата алты арыз, бирөө админресурс, бирөө бюллетенди сүрөткө тартуу, дагы бирөө башка бузуулар, тогузу автоматтык эсептөө урналарындагы көйгөй боюнча түшкөн.

Ал эми Башкы прокуратура башкармалыгынын башчысы Мирлан Майтпасов бүгүн прокуратура органдарына үч арыз түшкөнүн маалымдады.

Анын ичинен бирөө талапкердин соттолгондугу боюнча келип, бирок ал тастыкталган эмес. Экинчиси добуш сатып алуу боюнча түшкөн, ал дагы аныкталган эмес. Үчүнчүсү админресурсту колдонуу боюнча келип, аны текшерүү үчүн ИИМге жиберилген.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макиловдун айтымында, добуш берүү күнүндө ИИМге жалпы 32 маалымат түштү.

“Бишкек боюнча жети, Чүйдө сегиз, Нарында эки, Ош шаарында сегиз, Ош облусунда төрт, Жалал-Абадда бир, Баткен аймагынан эки маалымат келген. Алардын ичинде үгүт иштериндеги мыйзам бузуу, шайлоочуларды ташуу, админресурс дагы бар. Тогуз факты тастыкталбагандыктан кыскартылды”, — деди Макилов.

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты