«Кыргызфармациянын» мамлекетке келтирген зыяны 138 млн сомго жакын деп эсептелүүдө
- 4 недели мурун
- Жаңылыктар
Башкы прокуратура «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын мамлекетке келтирген зыяны 137 млн 950 миң сомго бааланып жатканын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасында 2024–2026-жылдары айрым сатып алуулар саламаттык сактоо уюмдарынын муктаждыктары эске алынбастан жүргүзүлүп, натыйжада жалпы баасы 74,1 млн сомдук дары-дармектин 60 түрүнүн жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен.
Ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарынын билдирүүлөрү жок эле ири көлөмдөгү медициналык буюмдар сатылып алынып, 63,8 млн сомдон ашык продукция кампаларда пайдаланылбай калган.
Аталган бузуулардын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү алдын ала 137 млн 950 миң сомго бааланууда.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 339-беренеси (билип туруп пайдасыз контракт түзүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




