Шайлоо-2021: Шеримкулов, Атазов, Нурбаев жана Султанбековго 7,5 миң сом айып салынды

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү, 21-ноябрдагы жыйынында талапкерлер Медеткан Шеримкулов, Шайлообек Атазов, Төлөнбай Нурбаев жана партия лидери Темирлан Султанбековдун ар бирине 7500 сомдон айып салды.    

“Азаттык” саясий партиясынан талапкер Медеткан Шеримкулов  Фейсбук баракчасындагы видеоролигинде Россиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун сүрөтүн пайдаланган. Шайлоо мыйзамы боюнча, чет өлкө лидерлеринин сүрөтүн шайлоо учурунда пайдаланууга тыюу салынат.

Аталган саясий партиядан талапкер Төлөнбай Нурбаев жана Төлөйкөн шайлоо округунан талапкер Шайлообек Атазов ар башка учурда Ош шаарынын шайлоочулары менен жолугушуп,  аялдардын жоолук салынышына каршы чыккан жетекчилердин жоопкерчилиги тууралуу маселе козгогон. Шайлоо мыйзамына ылайык, талапкерлерге диний маселени козгоого болбойт.   

Ал эми Темирлан Султанбеков талапкер болбосо да, “Социал-демократтар” партиясынын лидери болуп туруп, Тегерек столдогу сөзүндө ал жетектеген партиядан депутат болуп шайланса, “Ыйман” фондун жандандыруу маселесин жандандырарын билдирген.  Ал фонд аркылуу имамдарга акча төлөнүп келген.

БШК аталган талапкерлерге жана партия лидерине 7500 сомдон айып пул салды.  

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Сүрөттө: Медеткан Шеримкулов. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты