Шайлоо-2021: Кол санак аяктады
- 3 года мурун
7-декабрь саат 15:51ге карата Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын колго саноо аяктады.
Өлкө аймагындагы жана сыртындагы 2 494 шайлоо тилкесинен келип түшкөн добуштардын жыйынтыгына ылайык, төмөндөгү партиялар 5 пайыздык чектен өттү:
- Ата-Журт Кыргызстан» — 17,3%.
- «Ишеним» — 13,62%.
- «Ынтымак» — 10,99%.
- «Альянс» — 8,33%.
- «Бүтүн Кыргызстан» — 7,03%.
- «Ыйман Нуру» — 6,15%.
БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы 18-декабрга чейин чыгарышы керек.
Муну бөлүшүү