Шайлоо-2021: Бюллетендер даярдалып, шайлоо тилкелерине жөнөтүлдү

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) округдук шайлоо комиссияларына жана чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелерине шайлоо бюллетендерин жөнөттү. БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 21-ноябрда «Учкун» басмаканасынын имаратында даярдалган бюллетендерди кабыл алуу-өткөрүү актысына кол коюлду. 

БШК тараткан маалыматка ылайык, бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоо үчүн 3 702 646 бюллетень даярдалды. Анын 2 970 157 бюллетень кыргыз, 732 489 бюллетень орус тилинде даярдалды. Мындан тышкары 2 494 бюллетень Брайль ариби менен даярдалган.  

Бишкек шаарына — 431 382, Жалал-Абад облусуна – 686 684, Ош облусуна – 900 536, Баткен облусуна – 305 666, Нарын облусуна – 209 073, Ысык-Көл облусуна – 316 828, Талас облусуна – 163 001, Чүй облусуна – 611 842 бюллетень, чет өлкөлүк участкаларга – 75 727 бюллетень жөнөтүлдү.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн жалпы  3 625 277 бюллетень даярдалды. Кыргыз тилинде – 2 928 810, орус тилинде – 696 467 бюллетень. Мындан тышкары Брайль ариби менен 2 435 бюллетень дардалган.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты