Шаардыктарды сейилдетип ташыган электромобиль чыгырык тепкен баланы сүзүп кетти
- 1 год мурун
Бүгүн, 2-майда, Бишкекте “Ала-Тоо” аянтында шаардыктарды сейилдетип ташыган электромобиль чыгырык айдаган баланы коюп кетти. Окуяга күбө болгондордун айтымында, баланы катуу койгон. Электромобилдин бет маңдайындагы айнеги сынып кеткен.
Ал эми жабыр тарткан чыгырык айдоочуну “Тез жардам” унаасы алып кеткендиги айтылды.
Сүрөт: Социалдык тармактан
Муну бөлүшүү




