Шаардык сотто Темирлан Султанбековдун иши каралат
- 2 года мурун
Бүгүн, 2-декабрда, Бишкек шаардык сотунда “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкинанын, Роза Турксевердин да баш коргоо чаралары боюнча аппеляциясы каралат. Соттун башталашы саат 9:00.
Бул тууралуу анын партиялаштары социалдык тармактарда билдиришти.
15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.
14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.
Ошондой эле Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясын Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуудан четтетүү чечимин кабыл алган.
Тергөө абагында жаткан “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Фейсбук социалдык тармагы аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.
Кайрылууда партиянын лидери президенттин социалдык тармактардагы, ЖМКдагы бардык маселеде жооп берерин белгилеп, бирок Султанбековдун ишинде унчукпай жатканын, өздөрү тараптан добуш сатып алуу болбогонун айтты.
Темирлан Султанбеков тергөө абагында ачкачылык кармоодо.
Сүрөттө: Темирлан Султанбеков. Интернет булактарынан




