Шаардык сот Клара Сооронкулованын баш бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды
- 2 года мурун
Бүгүн, 10-ноябрда, Бишкек шаардык соту Конституциялык соттун экс-судься Клара Сооронкулованын баш бөгөт чарасын карады. Буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту Сооронкулованы 20-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.
Белгилей кетсек, Клара Сооронкулова Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болуп келген. Бул комитетке мүчө болгон жыйырмадан ашык адам кармалып, аларга “Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу” беренеси менен айып тагылган.
Муну бөлүшүү