Сердар Бердымухамедов — Түркмөнстандын эгемендик тарыхындагы үчүнчү Президент

  • 2 года мурун

Түркмөнстанды узак жылдардан бери башкарып келген Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов 19-мартта ант берип, президенттик кызматка киришти.

Ант берүү аземи Ашхабаддагы «Рухиет» сарайында өттү.

40 жаштагы Сердар Борбор Азиядагы бул өлкөнүн эгемендик тарыхындагы үчүнчү президент болуп калды. Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги бул күндү «артка кайткыс демократиялык өзгөрүүнүн башталышы» деп мүнөздөдү.

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 40 жаштагы Сердар Бердымухамедов 12-марттагы президенттик шайлоодо добуштардын 73 пайызга чукулун алганын жарыялаган.

Бирок түркмөн оппозициясы жана көз карандысыз байкоочулар шайлоодо демократиялык стандарттар сакталбаганын, бюллетендерди топ-тобу менен салуу сыяктуу одоно мыйзам бузуулар болгонун билдиришүүдө.

Бул шайлоого катышкан калган сегиз талапкерлердин арасында бийликке ачык сын айткандар болгон жок.

Түркмөнстан дүйнөдөгү адам укуктары менен эркиндиктери эң көп чектелген, авторитардык башкаруу өкүм сүргөн мамлекет катары мүнөздөлүп келет. Freedom House уюмунун дүйнөдөгү демократиянын абалын талдаган баяндамасында Түркмөнстан эң акыркы саптан орун алган. 30 жылдан ашык убакыттын ичинде бул өлкөдө өткөн бир дагы шайлоону эл аралык байкоочулар эркин деп тааныган эмес.

Түркмөнстанды 2006-жылдын аягынан бери бери башкарып келген Гурбангулы Бердымухамедов февраль айында күтүүсүздөн бийликти «жаштарга тапшырууга» даяр экенин билдирген жана андан көп өтпөй мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялаган.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты