“Саясий же башка багыттарга байланыштыруунун кереги жок”. Ташиев генералдар менен жолугушту

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 15-декабрда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) башкы кеңсесинде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев күч органдарынын генералдары менен жолугушту.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, жолугушууга 60 генерал катышты.

Аларга УКМКнын башкы имараты, андагы кызматкерлердин шарты көрсөтүлүп, чай үстүндө баарлашты.

“Бул жолугушууну саясий же башка багыттарга байланыштыруунун кереги жок. Жөн гана сиздерге болгон урмат-сый катары кабыл алыңыздар. Бул жерде олтурган ар бир генерал убагында жетекчилик кызматтарды аркалап, өлкө тарыхында буга чейин болуп келген ар кандай жагдайларга күбө болгонсузар жана кызматыңыздарды кылгансыздар. Андыктан сиздердин эмгек эч качан унутта калбайт” деди Камчыбек Ташиев.

Генералдарга президенттин атынан акчалай сыйлык берилди.     

Күч түзүмдөрүнүн генералдары үчүн мындай жолугушуу биринчи жолу уюштурулуп жатканы жана аны уюштуруу боюнча президенттин тапшырмасы болгону белгиленди.

Сүрөт: УКМК   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты