Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттары (Инфографика)

БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан, бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттары жөнүндө маалымат берди.

 «Түндүк» тутуму аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматка ылайык, 17-ноябрга карата саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпы суммасы  167 023 757 сом түшкөн.

“Ата журт Кыргызстан” партиясынын  шайлоо фондуна (17-ноябрга карата) 33 млн 642 895 сом түштү. Анын 27 млн 673 452 сому чыгымдалды.

“Ишеним” партиясынын фондуна 27 млн 319 541 сом түштү. Анын 26 млн 886 855 сому чыгымдалды.

“Альянс” партиясынын фондуна 19 млн 970 875 сом түшкөн. Анын 19 млн 759 923 сому сарпталган.  

«Ынтымак» саясий партиясынын шайлоо фондуна 18 млн 393 956 сом түштү. Анын 18 100 091 сому чыгымдалды.  

Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды жабууга саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарынан 154 966 679 сом сарпталган (Инфографиканы караңыз).

Шайлоо фондундагы каражат 300 миллион сомдон ашпашы керек   

Мыйзам ченемдерине ылайык, саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1 500 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон талапкердин өз каражаттарынан;

100 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, саясий партиянын өз каражаттарынан;

200 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн;

3 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.

Мында талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондунун келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы 300 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн эмес.

БШК эскерткендей, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, тыюу салынбаган адамдар жана уюмдар шайлоо фонддорун түзүшү мүмкүн.

Парламенттик шайлоого 21 саясий партия ат салышууда.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты