Сары-Таш кенинен мыйзамсыз алынган кенден мамлекетке 13 млн сом зыян келтирилген  

  • 2 года мурун

Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Сары-Таш участкасындагы “С.Г.” жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК) жана “Б.Т.” ЖЧК, ошондой эле, “Б.Т.” ЖЧК жана “А.Р.” ЖЧКсына сары-таш кенин казып иштетүү максатында берилген жер тилкелердин ортосундагы эч кимге катталбаган жалпы 0,20 га жер аянты казылып, аталган жерден сары-таштын катмарынан көлөмү 2600 куб.м түзгөн таш кени кыркылып алынгандыгы аныкталган.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, таш кенинин мыйзамсыз кыркылып алынышынын натыйжасында мамлекетке 13 млн. сомдук зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза кодесинин 218-беренеси (“Мыйзамсыз ишкердик”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты