Сары-Челек биосфералык коруктун кызматкерлерине кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук прокуратурасы тарабынан Сары-Челек биосфералык мамлекеттик коругунун ишмердүүлүгүн текшерүүдө, андагы жооптуу кызматкерлер кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышкандыгы аныкталды,

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.  

Кызматкерлер биосфералык корукка тиешелүү жылкыларды, оргтехникаларды жана сатылган бал челектерди акча каражаттарын өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 1 млн 209 000 сомду түзгөн. Аталган факты Аксы райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголду. Тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты