Сапатсыз жасалган жол бир жума ичине оңдолмокчу. Бишкек мэри Жунушалиев Горький көчөсүнүн бир бөлүгүн текшерди

  • 11 месяцев мурун

Facebook социалдык тармагында тургун шаар жетекчилигине кайрылып, Горький көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн  Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жана Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн  Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолдун бузулган жерлерин оңдоону өтүнгөн.

Шаар мэри Айбек Жунушалиев  аталган жерлерге барып, подрядчы уюмдардын өкүлдөрү менен жолукканы тууралуу мэриянын сайтында маалымдалды.

Анда белгиленгендей, Горький көчөсүн бойлой Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин 2024-жылы жол реконструкцияланган. Подрядчылардын айтымында, жолду бир жума ичинде оңдошот.

«Бишкек жылуулук тармагы» ишканасына жана подрядчыларга дайыма мониторинг жүргүзүү жана жолдун жараксыз бөлүгүн жасоо боюнча чара көрүү тапшырылды.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты