Санталат Мамажусупова: “Ооруканада дарыланып жатканда кызматтан бошотулгандымды билдим”  

  • 2 недели мурун

Санталат Мамажусупова республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун директорлугунан бошотулганын ооруканада дарыланып жаткан учурда билген.  Бул тууралуу ал Фейсбук социалдык баракчасында билдирди.

Кечээ, 2025-жылдын 4-июнунда, ооруканада дарыланып жаткан учурда “Аки пресс” агенттигигинин жаңылыктарынан  республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун директорлугунан бошотулганымды билдим. Бул кабар мен үчүн күтүүсүз болгон жок, анткени бул кызматта иштеп турган убакта да, менин жамаатым эч кандай колдоо таба алган жокпуз, биз өтө оор шартта иштеп келебиз. Биз үчүн толук кандуу жана туруктуу иштөөгө негизги шарттар түзүлгөн эмес эле: адистердин жетишсиздиги, аларды даярдоочу системанын жоктугу, эскирген жана оңдолбогон имараттар, жетишсиз ресурстар жана тынымсыз административдик басым. Бул кыйынчылыктардын баарын мен өзүм жана жамаатым менен, ишибиздин маанилүүлүгүнө болгон ишенимдин аркасында жалгыз жеңүүгө туура келди,- деп билдирди мурдагы директор Санталат Мамажусупова.

“Ооруканада жатып, мен кызматтан бошотулганымды билдим. Мындай чечим өлкө үчүн абдан маанилүү болгон реформалардын жүрүшүндө, жеке менин демилгем менен башталган иштердин так ортосунда кабыл алынышы адамгерчиликсиз гана эмес, мыйзамга да каршы келет.  Бул кадам моралдык нормаларга да, Кыргыз Республикасынын мыйзамына да туура келбейт, мен эмгек кылган жарандардын эмгегин коргогон эмгек министрлиги. Бул чечим менин жеке аракеттеримди гана эмес, биздин жалпы команда баштаган өзгөрүүлөрдүн да тагдырын тобокелге салып койду” деп билдирди мурдагы директор Мамажусупова.

Мамажусупова Санталат эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун директору кызматынан бошотулду.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты