Санкт-Петербургда КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал жолугушуусу өтөт

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров эртең, 28-декабрда, Орусиянын Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жумушчу сапардын алкагында Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.

Аталган иш-чарага Белорусь президенти Александр Лукашенконун, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин, Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун, Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиеевдин катышуусу күтүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты