Санкт-Петербург шаарында автобус Мойка дайрасына кулап кетти

Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 10-майда Санкт-Петербург шаарында рейстеги автобус Мойка дайрасына кулап кетти.

Видео камералардын ЖМКга жарыяланган видео тасмасында автобус суу жээктеп келе жатып, чайпалып, көпүрө жакка бурулуп, жеңил машиналарды сүзүп, дайрага кирип кеткени көрүнөт.

Сууга кулап кеткен автобустагы жүргүнчүлөрдү куткарууга биринчилерден болуп суу трамвайында бара жаткандар, өтүп бара жаткан унаалардын айдоочулары, жакын арада иштеп жаткан курулушчулар барган.

Баштапкы маалымат боюнча, автобус кулаган учурда анда 15 киши болгондугу белгиленди, алардын алтоо өз алдынча жана жардам аркылуу суудан чыккан, дагы тогуз кишини ӨКМ кызматкерлери чыгарган. Үч киши каза болгону, дагы алтоо оор абалда экени кабарланды.

Автобустун айдоочусу кармалганы жана ал да ооруканага жаткырылганы маалымдалды. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты