Санариптик биринчи спектакль тартууланат

  • 3 года мурун

Келе жаткан дем алыш күндөрү бишкектиктер шаардын тарыхындагы биринчи санариптик спектаклге күбө болушат.

МЕСТО Д театры «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен «Мендеги шаар» санарип спектаклин тартуулайт.

Жаңы технологиялык шоу Кыргызстанда октябрдан 2021-жылдын аягына чейин өтүүчү МИКСТУРА арт-фестивалынын бир бөлүгү болуп эсептелет.

«Мендеги шаар» бул көрүүчүлөрдү аудио баяндын жаңы форматына батыра турган колдонмодогу спектакль.

«Биз театр катары 15 жылдан бери жаңы тенденцияларды киргизип, жаны ойлорду жаратып келе жатабыз. Быйыл МИКСТУРА фестивалынын алкагында таптакыр башка форматты сынап көрүүнү чечтик» дейт МЕСТО Д театрынын жетекчиси Александра Багдасарова.

«Бул жолу да биздин оюбузча таң калыштуу бир идеяны ойлоп таптык жана биздин аткарууну атайын иштелип чыккан тиркеме аркылуу телефонго өткөрүүгө аракет кылдык» деди ал.

Бет ачар 6-ноябрда саат 15.00дө болот. Көрүүчүлөр, бул убакытта шаардын «Нөлүнчү километринде» (Ала-Тоо кинотеатрынын жанында) чогулушат.

Көңүл буруңуз: көрүүчүлөрдө аккумулятору толук заряддалган смартфон, наушник жана үзгүлтүксүз мобилдик интернет болушу керек.

Бул фестиваль коомчулукту Кыргызстандагы искусствонун альтернативдүү түрлөрү менен таанышууга үндөп, ошону менен өлкөдөгү маданий көп түрдүүлүктүн өнүгүшүнө колдоо көрсөтөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты