Самара Токтакунова ЖМКларды жабуу талабы айтылган катка кол койбогонун билдирди

  • 2 года мурун

Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин эл артисти Самара Токтакунова  Азаттык”, “Кактус”, “Клооп” медиаларын жабууну талап кылган катка кол койбогондугун билдирди.  

“Вечеринй Бишкек” басылмасындагы “КР белгилүү ишмерлери Жапаровдон  “Клооп”, “Кактус”, “Азаттык» басылмаларын жабуунун талап кылышты “ деген материалдагы маалымат чындыкка дал келбейт, себеби мен аталган ЖМКларды жабуу  талабы менен Садыр Жапаровго кайрылган эмесмин. Мен 76 жаштамын жана мен саясатташ тышкарымын” деп Самара Токтакунова бидиргенин Вечеринй Бишкек” басылмасы жазды.   

14-октябрь күнү “Вечерний Бишкек” онлайн басылмасы Кыргызстандын бир катар белгилүү саясат, маданият, илим, массалык маалымат каражаттары жана спорт ишмерлери, өлкөнүн коомдук жана жарандык активисттери Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго Kloop, Azattyk жана Kaktus.media сайттарын жабуу боюнча кайрылуу жолдогонун жазып чыкты. Аталган катта жалпысынан 72 адамдын аты аталат. 

Кайрылуу катында 72 адам Kloop, Azattyk жана Kaktus.media медиаларын жабууну өтүнүшүүдө. Ошондой эле, кайрылууда бул үч медиа Россияга карата жек көрүүчүлүктү козутуп, Кыргызстандын бүтүндүгүнө шек келтирип, кыргыздардын улуттук баалуулуктарына каршы иш алып барып жатышканы, жалган маалымат таратып жатканы айтылат

«ПолитКлиника» медиасы аталган материал боюнча кимдер кол койгонун текшерип көргөндө, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшанбек Сабиров, ошондой эле коомдук ишмер Шүкүрбек Эркебаев дагы кол койбогонун билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты