“Кол койгон эмесмин”, “Путинди мазактап жатышат”. Эркин медиаларды жабууну сурангандар кимдер? 

14-октябрь күнү “Вечерний Бишкек” онлайн басылмасы Кыргызстандын бир катар белгилүү саясат, маданият, илим, массалык маалымат каражаттары жана спорт ишмерлери, өлкөнүн коомдук жана жарандык активисттери Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго Kloop, Azattyk жана Kaktus.media сайттарын жабуу боюнча кайрылуу жолдошконун жазып чыкты. Аталган катта жалпысынан 72 адамдын аты аталат. 

Кайрылуу катында 72 адам Kloop, Azattyk жана Kaktus.media медиаларын жабууну өтүнүшүүдө. Ошондой эле, кайрылууда бул үч медиа Россияга карата жек көрүүчүлүктү козутуп, Кыргызстандын бүтүндүгүнө шек келтирип, кыргыздардын улуттук баалуулуктарына каршы иш алып барып жатышканы, жалган маалымат таратып жатканы айтылат

“ПолитКлиника” аталган көз карандысыз медиаларды жабууну өтүнгөндөр кимдер экендигин анализдеп көрдү. 

“Кол койгон эмесмин”

Кайрылууга кол койгондордун арасында эл артисттери, коомдук ишмерлер, экс-депутаттар жана университеттин ректорлору дагы бар. Кызыгы, тизмеде “Биз кол койгон эмеспиз” дегендер дагы аныкталды. 

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшанбек Сабиров кайрылуу жөнүндө кабары жоктугун билдирет: 

Менин ал жөнүндө эч кандай кабарым жок. Мен эч нерсеге кол койгон эмесмин”, — деп билдирди Сабиров. 

Ошондой эле коомдук ишмер Шүкүрбек Эркебаев дагы кол койбогондугун айтты: 

“Жок, кол койгон эмесмин”, — деп билдирди Эркебаев. 

“Путиндин саясатын колдойм”

“Кол койгон эмесмин”, “Путинди мазактап жатышат”. Эркин медиаларды жабууну сурангандар кимдер? 
Фролова Ольга

Кайрылууга кол койгондордун арасында “Россиялык мекендештердин Кыргызстандагы Координациялык кеңеши” уюмунун мүчөлөрү дагы бар. Алар кайрылууга кол койгондугун тастыкташты.  Кеңештин төрайымы Фролова Ольга Вадимовна, кеңештин мүчөсү Шевченко Анастасия Александровна кайрылууга кол койгондугун тастыктап, бирок комментарий берүүдөн баш тартышты.

“Кол койгон эмесмин”, “Путинди мазактап жатышат”. Эркин медиаларды жабууну сурангандар кимдер? 
Ладожинская Надежда

Ал эми ушул кеңештин мүчөсү, кайрылууда “Русский мир” коомдук бирикмесинин төрайымы катары көрсөтүлгөн Ладожинская Надежда Ивановна да кол койгонун тастыктап, “Мен кимдин кайсы тарапта экенин билем, ошондуктан силерге эч кандай комментарий бербейм” деп жооп берди.

«Ысык-Көлдөгү орус мекендештер» коомдук бирикмесинин төрагасы Устимов Сергей Александрович Россиянын президенти Владимир Путиндин саясатын колдогондугу үчүн кол койгонун билдирди. 

“Кол койгон эмесмин”, “Путинди мазактап жатышат”. Эркин медиаларды жабууну сурангандар кимдер? 
Устимов Сергей

Анткени, мен Путиндин саясатын колдоп жатам. Ушул жетиштүүбү? Мен эч ким суранбаса деле, өзүм колдодум. Улуттар аралык кастыкты козутууга каршымын. Мен улуттар ортосунда достук болушун колдойм. Ушул жетиштүүбү?”, — деп жооп берди ал. 

Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер катары көрсөтүлгөн мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков Россияны мазактаган маалыматтарды чыгарып жаткандыгы үчүн мындай кадамга баргандыгын билдирди:

“Кол койгон эмесмин”, “Путинди мазактап жатышат”. Эркин медиаларды жабууну сурангандар кимдер? 
Бекболот Талгарбеков

Менин жеке оюм, бул Украина — Россия жаңжалына байланыштуу койдум да. Анткени, булар системалуу түрдө Украинаны мактап, Батышты мактап келе жатышат да. Россияны мазактап жатышат. Себеби, биздин бийлик нейтралдуу позицияны ээлейбиз деди. Демек, биздин Кыргызстандагы бардык маалымат булактары ошону сыйлашы керек. Алар күндо эле “Украина утуп жатат”, “Россия качып атат” деп эле Украинаны мактап жатат. Россияны булар мазактап жатат”, — деп жооп берди. 

Айтматов атындагы орус драма театрынын директору, маданияттын отличниги Сергей Бардаков таптакыр комментарий берүүдөн баш тартты.

Кыргызстандын эл артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драмтеатрынын директору Асылбек Өзүбеков кол койгонун тастыктап, бирок комментарий берүүдөн баш тартты. 

Коомдук ишмер Жанузаков Болот Чыныбаевич, «Элим үчүн, элим менен» коомдук уюмунун төрагасы Аманбай Сатыбаев дагы кол койгондугун тастыкташты. Аталган кайрылуунун башка катышуучулары менен байланышуу мүмкүн болгон жок. 

Эркин медиаларга карата кысым уланууда 

13-октябрь күнү “Азаттыктын” кеңсесинин алдында “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус” медиалары жабылсын деген талап менен митинг болуп өттү. “ПолитКлиника” аталган митингге ар кандай провокациялык митингдин “туруктуу” катышуучулары келгендигин аныктаган. Митингдин катышуучусу Илимбек Исмаилов аталган медиалардын журналисттерине тикелей коркутуу жасаган. Ал “Бензин менен өрттөйм”, “Журналисттериңерди көрүп калсам жаман болот” деген коркутуу сөздөрүн айткан. 

“Азаттык Медиа” мекемеси өз кезегинде кеңсесинин алдында уюштурулган акциянын катышуучусунун журналисттерди коркутуп-үркүткөнү боюнча милицияга кайрылганын билдирди

Кыргызстандын Конституциясы жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик органдардан маалымат алууга, аларды жайылтууга жана ой-пикирди эркин билдирүү укугуна кепилдик берет. Өлкөдө цензурага жол берилбей турганы жазылган. Биз бул акцияга чыккандардын кыймыл-аракетин сындайбыз жана ага тийиштүү баа берилишин талап кылабыз. Акциянын уюштуруучусу Илимбек Исраиловдун чагымчыл маанайдагы чакырыктары жана билдирүүлөрү журналисттердин коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаратат деп эсептейбиз. Мындан улам анын жоопкерчилигин карап, мыйзам чегинде баа берип, тийиштүү чара көрүүңүздү өтүнөбүз”, — деп билдирди «Азаттык Медиа» мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева.

Медиа Полиси Институту мындай акциялардын уюштурулушун көз карандысыз маалымат мейкиндигин чектөө максатында журналисттерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу, сөз эркиндигин чектөө боюнча мыйзамдык демилгелер менен катар, көз карандысыз маалымат каражаттарына системалуу чабуулдун бир бөлүгү катары эсептээрин билдирди

Депутаттын күмөндүү демилгеси

Бул акцияларга чейин, 12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кесиптеши Надира Нарматова «Клооп», «Азаттык» жана “Кактус Медиа” ЖМКларын жабуу үчүн кол топтоп жатканын билдирген. Нарматова өзү бул сөздөрдү четке каккан. Кийин Нарматова депутаттардан кол топтоп жаткан видео тараган

Медиа Полиси Институту депутат Нарматованын аракети депутаттык этиканы жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамынын талаптарын одоно бузуу болуп саналарын билдирди

Мыйзамдарда депутаттын кызматы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзам чыгаруу функцияларын жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген мыйзам чыгаруу бийлигинин эң жогорку саясий мамлекеттик кызматы экендиги так жазылган. Ошол эле учурда мыйзамда депутаттардын кандайдыр бир уюмдарды же мекемелерди жабуу үчүн демилге көтөрүү/кол топтоо ыйгарым укуктары каралган эмес.

Мыйзамга ылайык, уюмдун иши анын уюштуруучуларынын же соттун чечими боюнча гана токтотулушу мүмкүн. Парламент трибунасын Кыргызстандын көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарына негизсиз айыптоо үчүн колдонууга болбойт”, — деп айтылат билдирүүдө

Депутат Надира Нарматова 2022-жылдын февраль айында “Чет өлкөлүк агенттер” тууралуу мыйзамды кабыл алууну сунуштаганы менен белгилүү. Аталган мыйзам долбоору буга чейин, 2014-жылы Турсунбай Бакир уулу, Надира Нарматова жана Нуркамил Мадалиев тарабынан да демилгеленген эле. “ПолитКлиника” депутат Надира Нарматова демилгелеген “Чет өлкөлүк агент” мыйзам долбоорунун мазмунун дагы анализдеп көргөн. Жыйынтыгында, мыйзам долбоору Россиянын дал ушундай эле мыйзамынан көчүрүлүп алынганы далилденген. 

“Кол койгон эмесмин”, “Путинди мазактап жатышат”. Эркин медиаларды жабууну сурангандар кимдер? 

Ошондой эле, “ПолитКлиника” Ош шаарындагы Россиянын консулдугунун имараты Надира Нарматовага таандык экендигин аныктаган эле. 

“Кол койгон эмесмин”, “Путинди мазактап жатышат”. Эркин медиаларды жабууну сурангандар кимдер? 

Кыргыз Республикасынын Конституциясы сөз эркиндигине, пикир эркиндигине жана басма сөз эркиндигине кепилдик берет (32-берене). Жалпыга маалымдоо каражаттарына цензурага тыюу салынат (10-берене.). Эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерге ылайык, Кыргызстан сөз эркиндигин өнүктүрүү жана коргоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.   

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты