Бишкекте пенсия курагындагылар үчүн №2 мончого баруудагы жеңилдиктер сакталат
- 4 месяца мурун
Бишкек шаарынын мэриясы Жибек-Жолу проспектисиндеги №2 мончого барууда пенсионерлер үчүн каралган жеңилдиктер сакталат. Бул тууралуу борбор шаардын мэриясы билдирди.
Пенсиядагы адамдар мурдагыдай эле №2 мончого дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү жеңилдетилген баада бара алышат.
Жеңилдиктерди өзгөртүү же жокко чыгаруу пландалган эмес. Учурда мончо кадимки режимде иштеп, бардык мурдагы шарттар сакталууда.
«Бишкек мончолору» муниципалдык ишканасынын жетекчилигине пенсиядагы адамдар үчүн жеңилдетилген шарттарды сактоо, баруу графигин өзгөртпөө, кошумча талаптарды же кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизбөө боюнча тапшырма берилди.
Бишкек шаарынын мэриясы мындан ары да калктын социалдык жактан аяр катмарларын колдоо жана муниципалдык кызматтардын шаар тургундары үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу багытындагы иштерин улантат.
Буга чейин социалдык тармактарда пенсиядагылар үчүн №2 мончодо жеңилдиктер толук болбой калгандыгы тууралуу сын пикирлер айтылып жаткан.
Сүрөт: bishkek.gov.kg




