Салык жана камсыздандыруу төгүмүн реструктуризациялоо мөөнөтү узарды

  • 2 года мурун

2021-жылдын 1-декабрындагы мыйзамга ылайык, салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн учурда, эсептелген туум, санкция жана айыптарды эсептен чыгаруу мөөнөтү узартылды.

Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 1-июлуна карата салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөндөр үчүн туум, санкция жана айыптар 100 пайызга жана 2022-жылдын 31-декабрына чейин карыздын негизги суммасын төлөгөндөр үчүн 50% эсептен чыгарылат.

Реструктуризацияга 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн карыздар тийиштүү.

Буга чейин төлөөчүлөрдүн эсептелген туумдар, санкциялар жана айыптарды 2021-жылдын 1-июлуна чейин 100%, ал эми 2021-жылдын 31-декабрына чейин 50%га эсептен чыгарууга мүмкүнчүлүгү болгон.

Мындан тышкары жогорудагы мыйзамга ылайык, салыктык текшерүүнүн же салык төлөөчүлөрдүн 2020-жылдын 1-июлуна чейинки такталган отчетторду берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча 2020-жылдын 1-июлунан кийин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасына кошуп эсептелген туум, санкция жана айыптар боюнча карыздарды салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн негизги суммасын толук жойгон шартта эсептен чыгарууга укуктуу.

Кеңири маалыматты 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты