Салык режимин тандоонун аяктарына бир күн калды

  • 2 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдө салык режимин тандоо боюнча салык органдарына арыз берүү үчүн бир күн калды.

Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.  

Белгиленген формадагы арызды салык органы берет.

Төлөөчүлөрдүн жогоруда көрсөтүлгөн категориялары бирдиктүү салыкты же жалпы салык режимин тандай алышат. Салык төлөөчү жалпы салык режимин тандоодо бир эле учурда КНС төлөөчү катары каттоого арыз берет.

Салыкты жалпы салык режиминде төлөгөн жана КНС төлөөчү болуп саналбаган төлөөчүлөр бирдиктүү салык режимин тандай алышат.

Салык төлөөчүлөрдүн калган категориялары салык органдарына арыз менен кайрылуунун кажети жок.

Бүгүн, 27-январда, салык органдарынын “Бирдиктүү терезелери”, Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борбору салык төлөөчүлөрдү саат 23:00гө чейин кабыл алышат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты