Салык кызматынын жана «Альфа Телекомдун» кызматкерлерине кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдарына жана алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөргө карата коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында алкоголдук продукцияларга акциздик маркаларды көп санда мыйзамсыз даярдоо уюштурулгандыгы аныкталган.

Ички иштер министрлигине караштуу Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте К.Ж.Э. аттуу жарандын жашаган жана иштеген жеринде тинтүү жүргүзүлүп, 469 даана маркалоо коддору (QR коддору), сапаты күмөн жараткан 8 миң алкоголдук продукциянын акциздик маркалары, ошондой эле аларды бузууга жана өзгөртүүгө арналган каражаттар алынган.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдарына, «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун алкоголдук жана тамеки продукцияларын маркалоонун улуттук операторунун жооптуу адамдарына жана айрым алкоголдук продукцияларды өндүрүүчүлөргө карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Анын алкагында K.Ж.Э. аттуу жаран кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты