Салык кызматынын райондук бөлүм башчысы пара менен кармалды

  • 2 года мурун

21-июнда мамлекеттик салык кызматынын Нарын облусундагы райондук башкармалыктарынын биринин башчысы 12 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз борбору билдирди.

Ал күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды сатуу менен алектенген жеке ишкерди салыктык чегерүүлөрдү эсептөө, кассалык-көзөмөл машиналарын (ККМ) орнотуу жана колдонууга байланышкан маселелерди ишкердин пайдасын эске алуу менен чечип берем деп опузалап, пара талап кылгандыгы аныкталды.

Учурда тергөө иш-аракеттери жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты