Салык кызматынын Ош шаар башкармалыгынын бөлүм башчысы жана инспектору кармалды
- 10 месяцев мурун
Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери, текшерүү бөлүмүнүн ага инспектору Т.А.А. жана текшерүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ж.Б.К. жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине жана 97-беренесине ылайык кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
“Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан А.А.Т. компаниясынын ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы аныкталды. Бирок, кызматкерлер салык төлөмдөрүн жашыруу жана бурмаланган маалыматтарга атайылап жол беришкен жана компаниянын мамлекеттик бюджетке ири карызы бар экендигин жашырышкан. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери, тактап айтканда, текшерүү бөлүмүнүн ага инспектору Т.А.А. жана текшерүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ж.Б.К. жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине жана 97-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди” деп айтылат УКМК басма сөз кызматынын маалыматында.

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы




