Салык кызматынын Базар-Коргондогу башкармалыгынын бөлүм жетекчиси  кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы О.С.А. кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, О.С.А. кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү («пара алуу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мүлккө жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө салык карыздарынын жоктугу/бар болгондугу  жөнүндө маалымкат алуу процессин тездеткендиги, ошондой эле салыктык чегерүүлөрдү жана жеке ишкерлердин ставкаларын азайткандыгы үчүн системалуу негизде акча каражаттарын алгандыгы аныкталган.

Сот органдарынын уруксаты менен О.С.А.нын мыйзамсыз аракеттери жашыруун камерага тартылып, 2025-жылдын 9-январында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда бул кылмышка тиешелүү башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты