Салык кызматы жана бажы кызматы финансы министрлигинин карамагынан чыгарылат

  • 9 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров «Салык жана бажы чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруунун айрым маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, салык кызматы жана бажы кызматы финансы министрлигинин карамагынан чыгарылып, Министрлер кабинетине караштуу болот.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.

Ошондой эле Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө Финансы министрлигинен Мамлекеттик салык кызматына зер буюмдарды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү функцияларды өткөрүп бермекчи, анын ичинде баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды пробалоо жана эн тамгалоо, асыл таштарды аныктоо жана экспертизалоо функцияларын.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты