Салык кызматы: Үй жана батирди ижарага бергендер салык төлөшү керек

  • 2 года мурун

Батирди же үйдү ижарага берген жеке жактар Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөгө тийиш экендигин мамлекеттик салык кызматы маалымдайт.

Кыймылсыз мүлк ээси салык төлөө режимин өз алдынча тандайт. Салыктарды патенттин, бирдиктүү салыктын (салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы) же жалпы салык режиминин негизинде төлөөгө болот.

Ушуга байланыштуу, мамлекеттик салык кызматы мүлктү ижарага берген жарандарды өздөрүнүн салык милдеттенмелерин аткарууга жана тиешелүү салыктарды төлөөгө чакырат.

Салыкты төлөбөгөндүгү аныкталган учурда жеке жакка карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 8 айында батирди же үйдү ижарага бергендер патенттин негизинде 33,9 млн сом өлчөмүндө салык төлөшкөн. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 млн сомго көп.

Салык кызматы турак жай ижарасына карата бааларды жөнгө салууга ыйгарым укугу жок экендигин маалымат катары билдиребиз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты