Салык инспекторлору ишкерлерге салган айрым айыптардын мыйзамсыздыгы аныкталды

  • 3 недели мурун

Башкы прокуратура тарабынан Мамлекеттик салык кызматынын, ошондой эле Бишкек шаарынын жана Чүй областынын аймактык салык органдарынын ишмердүүлүгүндө «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин талаптарынын сакталуусу боюнча мониторинг жүргүзүлгөн.

Натыйжада, салык инспекторлору тарабынан аталган Кодекстин 318-беренесинин 4-бөлүмүнүн талаптары бузулуп, ишкерлик субъекттерине карата мыйзамсыз түрдө 5 миң сомдон 13 миң сомго чейинки өлчөмдө айыптар салынганы аныкталган. Ал эми мыйзам боюнча бул бузуу үчүн жазалоо чарасы катары айып салуу эмес, эскертүү гана каралган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура тарабынан мыйзамсыз чыгарылган токтомдор жокко чыгарылып, 25 салык кызматкери «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 435-беренеси боюнча ар бири 10 000 сом өлчөмүндө айып пулга жыгылды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын сайтында маалымат жарыяланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты