Саламаттык сактоо министринин орун басарлары дайындалды
- 2 месяца мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон тескемеге ылайык, саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары жана орун басарлары дайыналды.
Айбек Маткеримов саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары, Бакытбек Кадыралиев жана Рыспек Сыдыгалиев саламаттык сактоо министринин орун басарлары болуп дайындалды.
Бүгүн, 15-декабрында жаңы орун басарларды жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.
Буга чейин Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Каныбек Досмамбетовдун талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.
Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу тиешелүү жарлыктарга Садыр Жапаров кол койгондугу тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.
Каныбек Досмамбетов УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жетектегени айтылууда.

Сүрөттөр: Тааныштыруу учурунда. med.kg




