Саламаттык сактоо мекемелерине ЛОР-комбайн аппараттары тапшырылды

Өлкөнүн 16 медициналык уюмуна 18 заманбап ЛОР-комбайн жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.  

Жабдуулар Бишкек жана Ош шаарларындагы, ошондой эле Чүй, Ош, Нарын, Ысык-Көл, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы медициналык мекемелерге берилди.

“Заманбап жабдуулар дарыгерлердин диагностикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, кулак, мурун жана тамак ооруларын аныктоодо жана дарылоодо натыйжалуу иш алып барууга шарт түзүүдө. Бул медициналык уюмдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган” деп айтылат маалыматта.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты