Саидбек Зулпуев депутаттык мандат алды. Абдывахап Боронбаев мандатын тапшырды
- 8 месяцев мурун
Жогорку Кеңештин “Ата-Журт-Кыргызстан” фракциясынан Абдывахап Боронбаев өз арызы менен депутаттык мандатын тапшырды. Анын ордуна Саидбек Зулпуев депутаттык мандат алды.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Абдывахап Боронбаев мурда Түштүк-батыш бажы кызматын жетектеген. Коомчулукта анын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланышы бар экени айтылууда.
Саидбек Зулпуевге депутаттык төш белги жана күбөлүк тапшырылды.
Сүрөттө: Саидбек Зулпуев. БШК
Муну бөлүшүү