Садыр Жапаровдун Өзбекстанга сапары соңуна чыкты

  • 6 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга 8-9-ноябрдагы сапары соңуна чыкты.

Ташкентте Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушту. Анда эки өлкөнүн кызматташтык маселелери талкууланды.

Иш-сапардын экинчи күнүндө Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттеринин башчыларынын 16-саммитине катышты.

Иш-чарага уюмга мүчө өлкөлөр- Азербайжан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан мамлекет башчылары жана Казакстан, Пакистандын өкмөт башчылары, ЭКУнун баш катчысы Хусрав Нозири катышты.

Президент Садыр Жапаров 16-саммитте сөз сүйлөп, Газа тилкесинде согуштук аракеттерди тез арада токтотууга чакырды:

-Биз Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризиске көңүлүбүз ооруп, зээнибиз кейип, байкап отурабыз. Биз тараптарды курмандыктарды жана жайкын тургундарга зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө, согуштук аракеттерди тез арада токтотууга жана сүйлөшүү процессин күттүрбөстөн баштоого чакырабыз,- деп белгиледи Садыр Жапаров.  

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты