Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына сапары аяктады

  • 5 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаровдун 30-ноябрдан 3-декабрга чейин Бириккен Араб Эмираттарына сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди.

Мамлекет башчы Дубайда БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейль Аль Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

1-декабрда Садыр Жапаров климат боюнча иш-аракеттердин Дүйнөлүк саммитинин ачылыш аземине катышты.

Андан соң мамлекет башчы бир катар жолугушууларды өткөрдү. 2-декабрда Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мохаммад Саиф Аль-Сувейди менен жолугушту.

«Абу-Даби Кыргыз Инвестмент» кыргыз-эмират биргелешкен холдингдик компаниясынын уставдык жана уюштуруу документтерине кол коюу аземи болду.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты