Садыр Жапаров ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн ТИМ башчыларын кабыл алды

  • 11 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында ЖККУ мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлерин кабыл алды.

Жолугушууга Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Кыргызстандын тышкы саясат мекемелеринин башчылары, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов катышты.

Тараптар уюмдун алкагындагы кызматташтыкты тереңдетүү, аймактык коопсуздукту бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн ЖККУдагы төрагалык чоң жоопкерчилик экенин белгилеп, бул мүмкүнчүлүктү аймактык тынчтыкты, коопсуздукту жана өнөктөштүктү чыңдоого багыттай турганын айтты.

Мамлекет башчысы эл аралык терроризм, трансулуттук кылмыштуулук, экстремизм, кибер коркунучтар жана тышкы кийлигишүү өңдүү глобалдык чакырыктарга каршы бирдиктүү жана координацияланган аракеттер зарылдыгын баса белгиледи.

«Виртуалдык мейкиндик жаңы чыр-чатактардын жана коркунучтардын аренасына айланууда, ошондуктан критикалык инфраструктураны коргоо жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгуу зарыл», — деди Жапаров.

Жыйын соңунда министрлер Кыргызстандын ЖККУдагы төрагалыгын жана көтөрүп чыккан демилгелерин колдой турганын билдиришип, жолугушууну жогорку деңгээлде уюштурганы үчүн мамлекет башчысына ыраазычылык билдиришти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты