Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин жолугушуусу. Бир катар документтерге кол коюлду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта,иш сапарынын алкагында  Тяньцзин шаарында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.  Бир катар документтерге кол коюлду. КЭР төрагасы кытай компанияларын аларды, анын ичинде «Тамчы» атайын каржы-инвестициялык аймагын жана «Ала-Тоо Резорт» туристтик комплексин түзүү долбоорлорун ишке ашырууга чакырууга даяр экендигин билдирди.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

 Си Цзиньпин Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендик күнү менен куттуктап, өлкөгө гүлдөп-өсүү жана бакубатчылык каалады. Ал өнүгүү стратегияларын тереңдетүүгө жана модернизация жолунда бирге жылууга даярдыгын билдирди.

Маалыматта айтлгандай, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчы кытай тарапты Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан бир катар ири инвестициялык долбоорлор менен тааныштырды. Буга байланыштуу КЭР төрагасы кытай компанияларын аларды, анын ичинде «Тамчы» атайын каржы-инвестициялык аймагын жана «Ала-Тоо Резорт» туристтик комплексин түзүү долбоорлорун ишке ашырууга чакырууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Кытай Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Өкмөтүнүн ортосундагы кат алмашуу жолу менен түзүлгөн «Бедел» автомобиль өткөрүү пунктун куруу жана техникалык жабдуу» долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин жүргүзүү жөнүндө макулдашуу;

3. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытайдын башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргызстандан Кытайга  экспорттолуучу кургатылган жемиштерге карата инспекциялык, карантиндик жана санитардык талаптар жөнүндө протокол;

4. Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын Бишкек райондук диспетчердик борбору менен Кытайдын Жарандык авиация башкармалыгынын Синьцзян аба кыймылын уюштуруу бюросунун Үрүмчү райондук диспетчердик борборунун ортосундагы мМакулдашуу каты;

5. «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жол долбоорундагы Кыргыз Республикасынын үлүшүн каржылоо үчүн жеңилдетилген насыя берүү жөнүндө ниет кат;

6. Чүй облусу менен Ганьсу провинциясынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө меморандум;

7. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги менен Кытайдын эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосундагы адам ресурстарын өнүктүрүү жаатында кызматташтыкты чыңдоо боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясы менен Кытай Медиакорпорациясынын ортосунда гуманитардык алмашуу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча ниеттер жөнүндө протокол;

9. Улуттук телерадиокорпорация менен Кытайдын «Синьхуа» маалымат агенттигинин ортосундагы жаңылыктар жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

10. Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (Кыргызстандарт) менен Кытайдын Базарды көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча башкы мамлекеттик башкармалыгынын (SAMR) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум. 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча Тяньцзинь шаарына иш сапары менен барды.

Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин жолугушуусу. Бир катар документтерге кол коюлду

 

Сүрөт: president.kg  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты