Садыр Жапаров «Улан» балдардын ден соолугун чыңдоо борборун кыдырып чыкты

  • 10 месяцев мурун

Кечээ, 5-сентябрында Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылындагы “Улан” балдардын ден соолугун чыңдоо борборун кыдырып, жаңыланган жатакана, коттедждер жана спорттук объектилер менен таанышты. Борбор 2024–2025-жылдары толук реконструкцияланып, заманбап шарттар менен жабдылган.

Андан соң Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 10 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарада Мамлекет башчысы компаниянын жетишкендиктерин белгилеп, 13 миңден ашуун үй-бүлөгө турак жай берилгенин билдирди. Садыр Жапаров ипотекалык программаларды кеңейтүү, социалдык ипотеканы жеңилдетүү жана көп балалуу үй-бүлөлөргө, жаш адистерге колдоо көрсөтүү боюнча пландар тууралуу айтып, мамлекеттик жана жеке секторлорду кызматташууга чакырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты