Садыр Жапаров: Туристтердин агымы быйыл өзгөчө жогору болору күтүлүүдө

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров өлкөбүздө туристтик маалдын башталышына карата Фейсбук баракчасында элге кайрылды.

-Ар кыл божомолдор боюнча да быйыл туристтердин агымы өзгөчө жогору болору күтүлүүдө.

Туризм мамлекеттик казынаны толтуруунун олуттуу бир булагы боло алат. Бул мамлекетке эле эмес, туристтерге кызматын көрсөтүп ар кыл тармакта эмгектенген миңдеген мекендештерибиз үчүн да каржылык пайда алып келери айтпаса да түшүнүктүү.

Андыктан сиздерден чоң өтүнүч – өлкөгө келген ар бир туристке, ар бир чет элдик жаранга меймандостугубузду, жогорку маданиятыбызды көрсөтөлү. Алардын ар бири өз өлкөсүнө кайтканда Кыргызстанды жакшы жагынан таанытабы-жокпу сиздердин аларга карата мамилеңиздерден көз каранды. Жакшы таасир алып кетишсе кийинки жылдары дагы сөзсүз келишет, -деди Президент.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты